Жайнагүл Калчаева: “Достор” тобу чогулсак эле Гүлбүнү жоктоп ыйлайбыз

0

Каганат.

“Достор” тобунун ай чырайлуу кызы, “Сармерден” берүүсүнүн “шайыр жеңеси”  Гүлбү Орозкул кызынын көз жумгандыгы  орду толгус чоң  жоготуу болду. Ажал улук дейт эмеспи эми гана 40 жашка толгон шайыр жеңени ажал өз кучагына алып кетти.  Анткени менен Гүлбү Орозкул кызынын элеси баарыбыздын жан дүйнөбүздө жаркылдаган бойдон  кала берди.   10 жылдан ашуун дос, курбу болуп жүргөн сахналашы “Достор” тобунун мүчөсү Жайнагүл Калчаева Гүлбү Орозкул кызын төмөндөгүдөй эскерет.

Гүлбү “достор чогуу жүргөнүбүз кандай сонун” деп көп айтчу

“Достор” тобу ай чырайлуу жаркылдаган кызыбызды жоготуп, каңырыгыбыз түтөп турган убагыбыз. Биз үчүн бул кайгы түгөтө алгыс, орду эч качан толбойт.  Гүлбүнү 13-14-жылдан бери жакшы билем. Ушул жылдар аралыгында   чогуу чай ичишип, эже-сиңдидей болуп, ээрчишип жүрчүбүз. Ал эми сахнада “Достор” тобу болуп түзүлүп, чогуу жүргөнүбүзгө 10 жыл толуптур.

Быйыл “Достор” тобу сахнада жүргөнүбүздүн 10 жылдыгын белгилеп, элибизге 1-2-майда концертибизди тартуулаганбыз. Кайра эле көпчүлүктүн суроосу  боюнча 6-июнда  кайрадан кайталап койгонбуз.

Концертибиздин астында жана концерттен кийин Ош,  Жалал-Абад, Аксы Токтогул, Кара – Көл жана Каракол шаарларында элди кыдырып концерт берип  келгенбиз. Гүлбүшка  эркелеп  “достор чогуу жүргөнүбүз кандай сонун” деп көп айтаар эле. Көпкө көрүшпөй калсак, сагынышып кетээр элек. Гүлбүнүн “Достор” тобунда орду өзгөчө болчу.  Биздин эркетайыбыз, чолпонайыбыз  бизге көрк берип тураар эле.

 

Колу абдан иш билги болчу

 Калың элге Гүлбүнүн элеси  жаркылдаган мүнөзү,  мукам ырлары менен эсте калды. Ал эми арабызда жүргөндөн бери дегеле бир нерсеге капа болгонун көргөн жокпуз. Колу ачык,  үйүнө барсаң дайыма дасторкону  жайылып меймандос эле. Кийинки жылдары Беш-Күңгөйдөгү үйүн салып баштагандан бери жыл сайын сүмөлөк кайнатып, жандык союп куран окутуп турчу. Орозо кармаган сайын ооз ачаарга чакыра берчү. Анан калса колу дагы иш билги эле. Дайыма кийип жүргөн костюмдарынын таштарын өзү кооздоп тигип алчу.

 Акыркы 10 күндө “ашказаным ооруп жатат” деп калчу

Акыркы 10 күн ичинде эмнегедир ичим ашказаным ооруп тамчылатма укол алып чыктым, чыгып алып эле тойго барып келдим деп түн ичинде жазаар эле. Байкушум, ак көңүл эмес беле… Бирөөнүн көңүлүн ооруткусу келбей барып жүрсө керек. Эстеп көрсөм деги эле Гүлбү менен таарынышкан учурларыбыз болбоптур. 10 жылдын ичинде бир пикир келишпестик болгонун такыр эстей албай койдум. Кээде эле кечигип калса концертте чогуу ырдаган мезгилибизде “Гүлбүшка эмне кечиктиң баарыбызды күттүрүп” десек жаркылдап каткырып күлүп, эркелеп жатып эле кайра бизди күлдүрүп жазып жиберээр эле алтыным.

 

“Достор” тобунда Гүлбүнүн ордун эч бир жан толуктай албайт

“Достор” тобу түзүлүп жатканда  чогуу биринчи  шеринеден баштаганбыз. Мүнөздөрүбүз келишип калды.  Ал кезде көрсө баарыбыз тең эле жап жаш болгон экенбиз. Гүлбүшка  болгону 27-28 эле жаштарда экен. Бизде  улуу кичүү же бир жерлик жердешчилик деген оюбузга да болбоптур.  Ар   кимибиз ар кайсы жактанбыз.  Жылдыздарыбыз келишкен тура көрсө.

Негизи эле өнөр адамдары бөлүнбөйбүз. Биз эми Гүлбүнүн ордун толуктайлы деген оюбузга дагы келбейт, баары бир Гүлбүнүн ордун эч ким толуктай албайт го.    Легендарлуу “Достор” тобу бойдон кала беребиз. Эч качан унутпайбыз. Кудайым буйурса,  Гүлбүнүн  артында калган Айзуура менен Сезимдин аяш апалары катары жакшылыктарында ордун жоктотпой дайыма бирге болсок дейбиз.

 

“Достор” тобу чогулсак эле ыйлайбыз

Күнүгө эртең менен ойгонуп эле ватсапта сүйлөшкөн үндөрүн угам. Ушул күнгө чейин Гүлбүнүн жоктугуна ишенгибиз келбейт. Чогулсак эле ыйлайбыз. Чогуу турганда жаркырап кирип келчүдөй боло беребиз. “Ортомчу бизге  Ыссык Көл” деген ырын угуп  күндө ыйлайм. Дайыма бизге кайрат айтып кайгыбызды тең бөлүшкөн Гүлбүнүн “Достор” тобунун күйөрмандарына ыраазычылык билдиргим келет. Гүлбүгө кайгырган күйөрмандарына аяш апабызга аяш инилерибиз Төрөкул менен Бакытка, күйөө балабыз Мирзатка кыздарыбыз Айзуура менен Сезимага биз дагы Достор тобу дагы терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз + 3 =