Айнура Бердикулова: “Үй бүлөдөгү ажырашуулар болбосун деп, “Курманбек” дастанын аткарып чыктым” 

 

Каганат.

   Белгилүү так теке күүсүн кыл кыяктын аткаруусунда көрүп таң калдыңыз беле? Биз буга чейин так текени  ооз комуз, комуздун коштоосунда гана ойнотуп жүргөнүн көргөн болсок, ал эми кыл кыякта так текени секиртип мыкты чеберчилик менен аткарып көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган белгилүү кыл кыякчы Айнура Бердикулова бүгүн биздин маек төрүбүздүн коногу болмокчу.

–Саламатсызбы Айнура эже күз айы сизге кандай көз ирмемдерди тартуулап жатат?

–Арыбаңыздар! Жыл  мезгилинин ичинен мага жаккан айлардын бири бул күз айы. Энем мени жарык дүйнөгө ушул күз айында тартуулаган экен. Күзүндө баардыгы бышып молчулуктун кези дегендей айта берсе берекеси абдан көп. Күз айында болгон көз ирмемдерим эң сонун. Айта кетсем, былтыр күзүндө өзүмдүн жеке концертимди элге тартууласам, ошол эле жылы ак өргөлүү дагы болдук. Ал эми  быйылкы күздө маданияттын мыкты кызматкери деген наамга ээ болдум.

Сизди белгилүү кыл кыякчы катары билебиз. Кыл кыякты чертүү оңой иш эмес болсо керек. Эмне үчүн бул аспапты тандап алдыңыз?

– Албетте кыл кыяк аспабын чертүү  оңой иш эмес. Биринчиден адамдын кыл кыякка болгон жан  дүйнөсү жана  эмгекчил болуш керек. Ата -бабаларыбыздан бери негизинен кыл кыякчылар өтө көп кездешкен эмес экен. Бул аспапты касиеттүү аспап катарында жогору баалап келишкен. Адамга дем күч бере  турган жана  жан  дүйнөсүн аруулантып эм  катарында колдонуп келишиптир. Ал эми  кыл кыякты апамдын колдоосу менен бирге тандап калгам.

–Биз буга чейин белгилүү так теке күүсүн комуз, ооз комуз менен  гана ойнотуп жүргөнүн көрүп жүрсөк,  сиз жаңылык киргизип кыл кыяк менен ойнотуп  чыктыңыз ушул туурасында айта кетсеңиз?

 –Туура  айтасыз, так теке өнөрү ата -бабаларыбыздан келе жаткан  улуу өнөр. Бул өнөрдү мурун комуз жана  ооз комуздун коштоосунда  гана аткарылып келген. Акыркы жылдарда Нурак атанын так теке  ойнотуп жатканын  көрүп, кызыгуу менен карап, кыл кыякка салса кандай болот болду экен деп  кыялданып койчумун. Көп өтпөй бул кыялым дагы ишке ашып, элдин алдына алып чыга баштадым. Так текени кыргыздын белгилүү тарыхчы, илимпоз, ээр устасы Жылкычы Шаршембиев атабыз алгачкылардан болуп жасап  берген. 1987-жылы  белгилүү кыл кыякчы Толтой  Мураталиев атабызга дагы жазап берген  экен, бирок комуздун коштоосунда.

–Кыл кыяктын коштоосундагы так теке күүсүн элдер кандай кабыл алып жатат. Абдан кызыгууну жаратса керек?

– Албетте кыл кыяктын коштоосундагы так текени элдер кызыгуу менен кабыл алып жатышат. Бул так текеде жеке эле текелер сүзүшүп бийлебестен, ырдын коштоосунда дагы үн салып, аткарып жаткан  кезим. Бул күү кыргыз элибиздин көрүнүктүү, белгилүү эмгек сиңирген артисти,  менин устатым Нурлан Нышанов агайыма таандык. Ал эми  сөзү болсо ак  таңдай  акыныбыз Аалы Туткучевге таандык.  Так теке  өнөрү  чет жака  дагы таралып, аябай кызыгуу менен карашып, Европа өлкөлөрүнө да жайылып  жаткан  кези.

Дагы  башка  кайсы аспаптарды ойной аласыз?

– Кыл кыяктан башка комузда, ооз комуз жана жыгач ооз комузда да ойноп келем.

Музыкага болгон кызыгууңуз эмнеден башталды эле?

–Жогоруда айткандай музыка улуу чыгармачылык жолуна кошкон  бул өзүмдүн апам себепкер болгон. Кичинекейимден Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык окууну кызыл диплом менен аяктаган соң, Кыргыз Улуттук Консерваториясын дагы ушул эле аспап боюнча кызыл диплом менен аяктагам.

–“Курманбек”дастаны тууралуу да айта кетсеңиз? Буга канча эмгек жумшадыңыз?

–“Курманбек” дастаны  тууралуу айтсам, эл  жерин калмактардан коргогон, кыпчак уруусунан чыккан, кыргыз элибиздин сыймыктуу баатыры Курманбек болгон. Кичинекей кезимде Курманбек дастанын кыл кыякта ойноп, аябай кызыкчумун. Балким ушул дастанды алып чыкканымдын себеби  бала кездеги кыялым болсо керек.  Дастанчылар көбү Канышайдын айтканын ырдашпайт экен. Аялдын жолдошуна болгон мамилесин, сүйүүсүн, туруктуулугун даңазалап кыл кыяктын коштоосунда алып чыккым келди. Замандыныбызда үй-бүлөлөрдүн бузулушу абдан көп болуп жаткан  учуру, эмеспи.

Балким ушул Канышайдын образы көптөгөн жаштарыбыздын ойлорун оңдойт деген тилекте аткарып чыктым. Курманбектен жесир калган Канышай, өзүн башка бүлөөгө ыраа көрбөстөн, баатырын кадырлап, барктаганын эпостун аягында көрөбүз. Албетте үй-бүлөдө эч кандай жамандык болбосун, ажырашуулар аз болсун. Кыздарыбыз Канышай апабыздай акылман, мээрман,туруктуу, назик болуп аруулана бершсин демекчимин.  Канышай апабыз биздин кыздарга сүйүүнүн, тазалыктын, аруулуктун, акылмандыктын, назиктиктин, символу катарында көрөм. Үй- бүлөнүн өркүндөп өсүшүнө албетте аял заты себепкер болот. Кыргыз элим  өнүгөлү, өсөлү, ооматыбыз бийиктей берсин демекчимин.

 

–Сиз белгилүү “Сармерден” берүүсүнүн алып баруучусу (эрке баласы) Талант Карагуловдун жубайы экениңизди билебиз. Кантип таанышып калгансыздар же чыгармачылык тааныштырдыбы?

–Талант экөөбүздүн баш кошуп, түтүн булатып, үй бүлө куруп калганыбызга  албетте чыгармачылыктын улуу жолу себепкер. Азыркы кезде кудайга шүгүр,  эки кыз,  бир уулду тарбиялап жаткан  кезибиз.

 

–Кыздарыңызды жана уулуңузду сахнадан көрүп калабыз. Эки таланттуунун балдарын келечекте  сахнадан көрүшүбүз мүмкүнбү?

– Туура  кыздарым жана  уулум менин жеке концертимде алгачкы ирет ырдап чыгышкан.  Экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан балдарыбыз дагы абдан таланттуу. Бирок баарын эле чыгармачыл  кыла  бербестен башка кесипке ээ болсо экен деген максатта улуу кызыбыз 5-гимназияда 5-класста окуйт. Ал эми кичүүсү кичинекейинен бери “Ак шоола” балдар хорунда солистка болуп ырдап калган.  Чыгармачылык жолду  уланта берсин деп  мен окуган мектепке скрипка бөлүмүнө бердик. Ал эми эң кичинекей көкүрөк күчүгүбүз азырынча бала бакчага барат. Келечекте аны дагы өз жөндөмүнө жараша мектепке берип, бир кесиптин  ээси  кылууну  жаратканым насип этсин!

–Балдарыңыз тентек кылса кантип жазалайсыз?

Бала чак кез эң таттуу, шаңдуу шайыр, оюндан башка билбеген эң эле  бактылуу жылдардын бири эмеспи.  Албетте бирок  кээде балдардын оюна  коё  бербестен кези келген кезде бир аз жазалап дагы коёбуз))).

–Акыркы жаңылыктарыңыз?

–Жаңы  жаңылыктардан айта кетсем, кыл кыякта күү аткара бербестен, кыяктын коштоосунда дастан аткарып жаткан  кезим. Учурда “Кыл кыяктын баяны” аттуу күү дастанды бышырып, элге тартуулап жүрөм. Бул дастанда кыяктын жаралышы, улуу ата  бабаларыбыздын күүлөрү айтылат. Бул күү дастанды буйрутма менен таланттуу акын Эрнис Тюмөнбаев жазды, ал эми  обону Нурлан Нышановко таандык. Дастан эле айтыла бербестен аталарыбыздын күүлөрү дагы коштолот.

Маегиңизге рахмат!

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки + эки =