Атамбаев элчилерди тизип алып алкыш айтпай эле каргыш айтты

0

Каганат.

Бүгүн, 27-октябрда 12 мамлекеттин жаңы элчилери президент Алмазбек Атамбаевге ишеним громаталарын беришти. Элчилерди маңдайына тизип алып ажобуз жини келгендерди каргады, кээ бирлерин кууду, айрымдарды бөдөнө атап, депутаттарга дагы нааразы болуп өттү. Эмесе, элчилерге кыргыз макалдарын катары менен айтып, бөдөнө, жугунду деген сөздөр менен тааныштырган Алмазбек Атамбаевдин “балп” этмелери назарыңыздарда.

Кыргыз-казак чек арасы тууралуу

Тилекке каршы кыргыз-казак чек арамсындагы акыркы окуялдар Кыргызстан ЕАЭБге киргенде андан көптү үмүт кылып алганын көрсөттү.  Эми бул уюмга ишенип болбой калды. Келечекте Орусия стратегиялык өнөктөш бойдон кала берет. Бир кишиден көз каранды болгон уюм ишенимдүү болбойт. Себеби ар бир биримдик биринчи кезекте макулдашууларга, келишимдерге баш ийиши керек.

Кыргыз товарлары Өзбекстанга, Кытайга, Орусияга ташылат

Биздин өкмөткө тез аранын ичинде альтернативдүү рынок табуу тапшырмасын берем. Айыл-чарба өнүмдөрүн сатуу үчүн Өзбекстандын жана Кытайдын рыноктору жетиштүү болот. Ал эми өнөр-жай товарлары Орусияга темир жол аркылуу пломбаланып жөнөтүлөт.

“Демагог” депутаттардын айынан насыя алуудан коркконбуз

Кыргыз-казак чек арасындагы окуялар тез аранын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу керектигин көрсөттү. Бул темир жол Түркмөнстанга, Иранга, Инд океанына чейин жетет. Айрым “демагог” депутаттардын айынан, алар насыяларды албаш керек деп кыйкырып чыгышкандыктан өкмөт темир жолдорду куруу үчүн жеңилдетилген насыя алуудан корккон. Экономиканы өнүктүрүү үчүн жолдор курулушу керек.

Каалагандар Казакстанга кеткиле

Өлкөдөгү акыркы окуялар ким Кыргызстан үчүн күйүп, ким аны сатып жиберүүгө даяр экенин көрсөттү. Көз карандысыздык үчүн жашообузду берүүгө даярбыз. Патриоттуулук дегенди билбегендер каяктан акча жана колдоо таап жатса ошол жакка барышсын деп кеңеш берем. Баса боордош Казакстан менен келишим бар. Жарандыкты жеңил берет. Силерди кубануу менен коё беребиз. Силерди ал жакта кабыл алышат. Ал жакта жер көп

Казак кудам келди… Байсалов бытпылдыктап жүрөт

Келинимдин атасы келиптир, өзү казак болгону менен аты Манас. Ал кээ бир кыргыз саясатчыдарына таң калды. Мен уялдым. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат”, Атамбаев да, Назарбаев да кетет деп айттым. Кыргыз казак бир тууган. Бирок акыркы күндөрү айрым саясатчыларды көрүп кыргыздын макалдары эске келет. Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса бытпылдык. Азыр биякта Байсалов бытпылдыктап жатат. Кыйын мезгилде 2007-жылы башка жакка дароо какчып кеткен.

Каргыш… Элди, жерди сатканды эненин аппак сүтү урсун

Күнөстүү жердин күкүктөрүндө намыс, Манас, ата-журт деген сезим такыр жок. Булар алып жаткан акчалары, гранттары жугунду. Булар жугунду үчүн кыргыз элин, жерин сатканга, кыргыз элинин намысын тебелөөгө даяр. Ушундайлар тууралуу кыргыздын жакшы созү бар: “Иттин кожоюну болсо, кабыландын кудайы бар”. Мындайларды кудай урат, улуу “Манас” дастаныбызда мындайлар жөнүндө таамай айтылган. Окуп берейин: “Элди, жерди сатканды төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун, суу бүтпөгөн сөл урсун, толкуган дайра көл урсун. Элди, жерди сатканды ак буудайдын наны урсун, эненин аппак сүтү урсун”. Буларды кыргыз элинин суусу, тузу наны урсун.

Бул күндөр да өтөт

Көп улуттуу кыргыз эли эгемендүүлүгү үчүн өмүрүн аябайт. Айланайын кыргыз элим, элибиз-жерибиз, эгемендүү мамлекетибиз үчүн башыбыз курман. Бул күндөр да өтөт. Кудай буюрса кыргыз көчү өз жолун тапты, ит үрө берет, кербен жүрө берет.

Шайлоо таза өттү, утулгандарга күлкүм келди

7 облустун ичинен 2 облустан эле уткан адам административдик ресурс тууралуу айтып жатканына күлкүм келди. Таза шайлоо өткөрүү кыялым болчу. Биздин көп улуттуу эл өз жолун тапты. Биздин эл тынчтыкты жана туруктуулукту баалайт. Элибиз өзгө агаларга эмес, өз президентине ишенет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш − бир =