Бийлик шайлоодо кандай көз боёмочулуктарга барган?

0

Каганат.

Kloop.kg сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялады. Анда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар samara.kg сайтына көчүрүлүп, жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынганы жазылган. Дал ушул сайт аркылуу үгүт иштери жүрүп жатканда бийликтен президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековго добуш берчүлөрдү белгиленип турганы жазылган. Ар бир үгүттөөчү Жээнбековго добуш берем дегендердин паспортторун жыйнап келип, бул сайтка киргизүүсү керек болгону айтылат макалада.

Samara.kg домени Максим Бакиев түзгөн ЦАРИИнин, башкача айтканда, инвестициялар жана өнүгүү боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин орунбасары болуп иштеген Учкунбек Ташбаевге тиешелүү болуп чыкканы жазылат иликтөөдө. Ташбаев 2010-2011-жылдары экономика министри, 2012-жылы Геология жана жер ресурстары боюнча агенттиктин башчысы болуп иштеген.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты төгүндөп келет. Аталган кызматтын басма соз катчысы Мелис Эржигитов макалада жазылган баардык маалыматтар боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн жазып чыкты.

“Адистер иштеп жатышат. Макалада жазылган баардык сандар боюнча иликтөө жүрөт. Мамлекеттик каттоо системасы туруктуу иштөөдө”,-деп билдирди Эржигитов.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 5 =