Кош бойлуу аялдардын өлүмү: Кан кетүү, өз жанын кыюу, шалаакылык…

0

Каганат.

Бишкекте 2014-2015-жылдары Кыргызстандагы боюнда бар айымдардын жана жаңы төрөгөн энелердин өлүмү боюнча отчет берилди. Анын жүрушүндө аталган жылдар аралыгында 141 аял бул дүйнө менен кош айтышканы белгилүү болду.

Көпчүлүк кош бойлуу айымдар төрөттөн кийин кан көп кеткендиктен көз жумушкан.

86 айым (58,1%) доктурлардын шалаакылыгынан жарык менен коштошушкан. Медициналык кызматкерлер өз учурунда кош бойлуу айымдын ооруларын (аппендицит, кан тамырлар жана баш мээ ооруларын) алдын ала билишкен эмес же кабыл алынган протоколдорго ылайык жардам көрсөтүшкөн эмес.

35 айым (23,6 %) боюнда болгон кезде мурдагы оорулары козголуп каза болушкан.

Ар онунчу айым (14 аял же 9,4%) ооруканадан сырткары жерлерде көз жумса, эки кош бойлуу айым өз жанын кыйган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 5 =