Нарында сүттү кайра иштетүүчү завод ачылат

0

Каганат.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов «Үмүт и Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Кайрат Абдуллаев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда аталган ишкананын Нарын шаарына сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

К.Абдуллаев Нарын облусунда 1988-жылдан бери биринчи жолу сүттү кайра иштетүүчү завод ишке берилерин билдирди. Анын курулушуна болжол менен 80-90 млн сом каражат жумшалат.  Бир күндө 150 тоннага чейин сүттү иштетүүгө мүмкүн болот.

Натыйжада Нарын облусунун райондорунун борборлорунда сүттү кабыл алуу пунктардын ачылмакчы.

Сүттү кайра иштетүүчү завод Нарын шаарында 4 айдын аралыгында курулуп, 2018-жылдын февраль айында ишке берилет. 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 + тогуз =