Жалбырактарды өрттөгөндөргө айыппул салынат

Каганат.

Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык инспекциясы калаа тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

26-октябрда волонтерлор менен биргеликте инспекция кызматкерлери таштандыларды, жалбырактарды өрттөгөндө экологияга кандай зыян келери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, айыппулдар тууралуу маалымат таратышты.

Маалыматка ылайык, жалбырактарды өрттөгөндөргө 2 миңден 10 миң сомго чейин айыппул салынат.

“Жалбырактарды өрттөө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусуна алып келип, аба булганууда. Эгерде мындай окуяга туш болуп калсаңар 185 же  65-81-59 номуруна чалып коюуңуздарды өтүнөбүз”,-деп жазылат маалыматта.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Бибисара 27 October, 2017 at 15:11 Жооп берүү

    Абдан сонун, туптуура болуптур. Чынында жер тамдар коп жерде кузундосу айрыкча кечкисин, тункусун аба жетишпей калчу. Жалбырактын куйгондогу зыяндуу жыты менен дем алганча, аны чиритип, кара топуракка айландыруу пайдалуу да.

Пикир

2 + он тогуз =