Ашыкча салмактан арылууну кааласаңыз, томат шорпосу сиз үчүн!

0

Каганат.

Ашыкча салмактан арылууну кааласаңыздар анда төмөндөгү томат шорпосу сиз үчүн!

Керектелүүчү азыктар:

  • Сельдерей тамыры 1 даана

  • Томат ширеси 1 литр

  • Жарым кашык укроп даны

  • Орегано (кургатылган)

  • Гвоздика 2 бутон

  • Кургатылган же таза базилик

Тоголок кара перец 3 даана

  • Укроп жалбырагы

  • Лимон ширеси жарым кашык

Даярдоо ыкмасы

Томат ширесине жогоруда айтылган татымалдарды кошобуз. Аны шишеге куюп 12 саатка муздаткычка коёбуз. Андан кийин татымалдар кошулган шорпону кастрюлга куюп, аз отко 10 мүнөт кайнатылат.

Кайнатылган шорпону чыпкалап алуу керек. Андан соң ага төрт чарчы тууралган сельдерейди кошуп, кайрадан отко коюп эки мүнөттөй кайнатабыз. Лимон ширесин жана укроп жалбырагын кошобуз. Тамактанууга томат шорпосун дайын!

Бөлүшүү:

Пикир

6 + 5 =