Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат…Кош бойлуу айымдар эмнеге ооруларын жашырат?

0

Каганат.

Кургак учук жана талма ооруларынан каза болгон кош бойлуу айымдар ооруларын жашырганы тууралуу 27-октябрда Бишкекте өткөн иш-чарада айтылганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.  

Маалыматка ылайык, кургак учук жана талма оорулары менен жабыркаган айымдар доктурларга илдеттери тууралуу айтуудан уялышып, натыйжада көз жумган учурлар кездешүүдө.

Акыркы 2 жылда кош бойлуу 148 айымдын каза болуу себептери иликтенип чыккан.

Натыйжада кош бойлуу бир айым талма оорусунан үйүнүн алдында каза болгону белгилүү болгон. Ал оорусунан уялып, дары ичүүдөн баш тарткан.  

Экинчи айым дагы дары ичүүдөн баш тартып, көп кабаттуу үйдүн акыркы кабатында көз жумган.

Ошондой эле кургак учук оорусу менен жабыркаган кош бойлуулар дагы коңшулардан, туугандарынан уялышып, ооруларын жашырып келишет.

2 жыл ичинде кургак учук менен жабыркаган боюнда бар 3 аял көз жумган.

Күйөөсү жок жесир аял дагы кош бойлуу болуп калып, коомчулуктун пикиринен уялып, өз жанын кыйган. Ал каттоого турбай, үйүнөн төрөп, баласын тумчуктуруп өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган. Бул айымдын башка балдары дагы болгон. Кайын энеси келинин көз жумганына өкүнүп, кандай болсо дагы кабыл алмак экенин билдирген.

Мындай окуялар болбошу үчүн өз убагында каттоого туруу керек. Бир келип бир келбей койбой дарыгерлердин айтканы боюнча дарыланып, тиешелүү эрежелерди сактоо керектигин эскертет министрлик.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 − алты =