Түгөлбай Казаков Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бошотулду

0

Каганат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев « Т.Казаков жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкта “Казаков Түгөлбай Токтогуловичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун” деп жазылган.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Буга чейин Казаков мумиянын көмүү боюнча чуу ал кызматтан кеткенден кийин гана басаңдай турганын, себеби анын кызмат орду кимдир бирөөлөргө керек болуп жатканын билдирген болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × бир =