БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады

0

Каганат.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.

Анын натыйжасында Сооронбай Жээнбеков – 54,22% добуш алганы белгилүү болду. Ал эми Өмүрбек Бабанов экинчи орунга 33,49% добуш менен чыкса, үчүнчү орунду 6,57% добуш менен Адахан Мадумаров ээлеген.

Президенттик шайлоого шайлоочулардын 56,34 пайызы келген. Республика боюнча 8 шайлоо участогунун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Ошондой эле шайлоонун жүрушүндө автоматтык саноочу жабдуулар 62 жолу иштен чыкканы белгилүү болду.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 5 =