Күмөндөр Абылов Маданият министри болобу?

0

Каганат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине белгилүү куудул Күмөндөр Абыловдун талапкерлиги сунушталууда.

Андан сырткары министрлик кызматка Султан Раевдин дагы талапкерлиги кайрадан көрсөтүлөрү белгилүү болду.

Ал эми буга чейин аталган кызматка Эльвира Сариева келери айтылганы менен бул маалыматты Сариева четке кагып келет.

Маданият министрлигине талапкерлерди парламенттеги КСДП фракциясы көрсөтөт.

Эске сала кетсек, мурдагы министр Түгөлбай Казаков 28-октябрда кызматынан бошотулган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

сегиз + үч =