Алтынай Өмүрбекованын ордун мээлеп жаткандар кимдер?

0

Каганат.

Жогорку Кеңеште орун алмашуулар болууда. Эми вице-спикер Алтынай Өмүрбекованы дагы кызматынан кетиргени жатышыптыр деген айың кеп желдей тарады.

Эртең аны вице-спикерликтен кетирүү боюнча маселе каралат экен.

Алтынай Өмүрбекова өзү буга чейин кызматынан кетүү үчүн эч кандай себептер жок экенин айтканы менен эгерде ордун бирөөгө бериши керек болсо кызматтык орунга жармашпай турганын билдирген.

Ал эми “Республика – Ата-Журт” фракциясынан Өмүрбекованын ордуна депутат Талант Мамытовдун талапкерлиги сунушталарын кулагыбыз чалды.

Ошондой эле “Ата Мекен” фракциясынан Сайдулла Нышанов дагы бул кызматты мелжеп жатканы белгилүү болду.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма − 9 =