Бишкекте АКШнын элчилигинин унаасы жол кырсыгына кабылды

Каганат.

Бишкекте АКШнын элчилигинин унаасы катышкан жол кырсыгы болду. Бул тууралуу маалыматты ИИМден тастыкташты.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык номерлүү унаа жүргүнчүлөрдү ташыган автобусту сүзгөн. Жол кырсыгы болжол менен саат 15:00дө Токомбаев көчөсүндө болгон.

Анын кесепетинен канча адам жабыркаганы боюнча маалымат жок.

Ал эми элчиликтен болсо окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, тиешелүү маалыматтардын баары эртең берилерин билдиришти.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − үч =