Депутат: “Кыргызстандын ЕАЭБдеги эки өкүлү чек арадагы маселеге көңүл бурушу керек”

0

Каганат.

Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында эл өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасындагы абалга токтолушту.

Депутат Азамат Арапбаев коңшу өлкө тарабынан чек арадагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү ишкерлерге өтө оорчулук келтирип жатканын белгилеп: “Кыргызстан мүчөлүк кылган ЕАЭБде министрлик рангдагы эки өкүлүбүз  бар. Бирок, чек арадагы абал курчугандан бери 21 күн өткөнүнө карабай, алардын эч кандай аракети байкалбайт. Эмне үчүн алар аталган маселени көтөрүшпөйт?” – деген суроо салып, болбосо эки өкүлдү чакыртып алуу керектигин кошумчалады. Андан тышкары, депутат күйүүчү май таңсыктыгы жаралбаш үчүн келерки жылга болжолдуу керектеле турган көлөмдү көбөйтүү зарылчылыгын эскертти. Анткени, Россия жакынкы аралыкта күйүүчү майга бажы салыгын киргизүүнү көздөп жатканын, эгер бул ишке ашып калса наркы кымбаттап кетээри айтылды.

Ошондой эле комитеттин бүгүнкү жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору да каралып, эл өкүлдөрү бюджеттин аткарылышына канаттандырарлык деген баа беришти. Буга мерчемделген иштер толук аткарылбагандыгын жүйө келтиришкен комитет мүчөлөрү социалдык багыттагы иштер солгундап жатканын кошумчалашты.   

Бөлүшүү:

Пикир

он бир − 8 =