Депутат: Тамеки тартуу үчүн атайын жай уюштурууну сунуштады

0

Каганат.

Бүгүн, 31-октябрда КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев   Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында тамеки тартуу үчүн атайын жай уюштурууну сунуштады.  

Депутат парламенттин дааратканасы тамеки чегүүчү жайга айланганын айтып  Эл өкүлү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети вице-спикерликке көрсөткөн депутат Асел Кодуранованы бул боюнча көңүл бурууга чакырды.

Белгилей кетсек, буга чейин 2017-жылдын башында дааратканада тамеки тартууга тыюу салуу маселесин аталган фракциянын депутаты Дастан Бекешев көтөргөн.

Эске салсак, Кыргызстанда 2007-жылы коомдук жайларда тамеки тарткандарга админстративдик жоопко тартуу эрежеси кабыл алынган. Бирок ал ишке ашкан эмес.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 + 17 =