Кожомкул балбан тууралуу көркөм тасма тартылат

0

Каганат.

Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө 120 -130 мүнөттүк толук метраждуу көркөм тасма тартылат.

Ага 70-80 млн сом талап кылынарын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эсептеп чыгып, Каржы министрлигине кайрылган. Бул тууралуу маалыматтар Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 30-октябрдагы жыйынында айтылды.

Кино тартуу ишине ушул жылы 25 млн. сом, ал эми 2018-жылдын эсебинен 45 млн. сом карала тургандыгын КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирди. Ошондой эле ал, кино тартуу жаатында белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев тарабынан сунушталган сценарий бар экендигин айтып, анын чыгымы 210 млн сомго бааланарын билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков: “Курманжан” көркөм тасмасы 70 млн. сомго тартылса, эмнеге Кожомкул тууралуу тасма андан 3 эсеге кымбат бааланыш керек?”- деген суроону койду.

Министрликтин өкүлү азырынча бул айтылгандар сунуш гана, ал эми акыркы чыгуучу чечим сынактын жыйынтыгына жана бюджетте каралган каражатка жараша болоорун билдирди.

Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмди тартуу иши 2018-жылдын 30-июнуна чейин өндүрүшкө кирип калышы керек. Бул боюнча КР Өкмөтүнө каржы булактарын таап, ишти баштоо тапшырмасы берилди.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 − 5 =