Кышында чачка кандай кам көрүү керек?

0

Каганат.

Кышкы аба ырайы чачтарга терс таасирин тийгизет. Сыртка чыкканда сууктан чач нымдуулугун жоготсо, үйгө киргенде жылыткычтардын айынан кургап, сынып, учтары ачакей болуп кетет.

Ошондой эле чачты химияга берүү, фен менен кургатуу, боёкторду колдонуу дагы терс таасирин тийгизет.

Кышкысын витаминдүү жашылча-жемиштердин азайганы дагы тиешелүү витаминдер чачка жетпей калуусуна алып келет.

Төмөндө кышкысын чачка кандай кам көрүү керектиги тууралуу кеңештерди сунуштайбыз. Ал үчүн алгач чачыңыз кургакпы же майлуубу билип алышыңыз керек.

Кургак чачтарга кам көрүү

Кургак чачтарга пальма майынан жасалган табигый маска жакшы жардам берет. Ал үчүн пальма майын башыңызды жуурдун алдында 10-15 мүнөт сүйкөп коюу жетиштүү.

Ошондой эле картошкадан жасалган маска дагы пайдалуу. 3-4 орточо картошканы бышырып аласыз дагы, аны эзип, 2 аш кашык каймак кошосуз. Даяр болгон боткону чачыңызга сүйкөп, жылуу жоолук менен байлап, 30 мүнөт коюп коесуз. Андан соң кургак чачтарга арналган шампунь менен жууп, 5 литр сууга 1 чай кашык алма уксусу кошулган суу менен чайкап саласыз.

Майлуу чачтарга кам көрүү

Чачы майлуу адамдар башын ысык сууга жуубаш керек, ошондой эле фенди көп колдонбогонго аракет кылуусу зарыл.

Майлуу чачтарга дагы картошка маскасы сунушталат. Бирок бул жолу чийки картошканы колдонгонуңуз оң. 3-4 картошканы жууп, кабыгын аарчыбастан сүргүчтөн өткөрөсүз. Жумуртканын агын, 1 чоң кашык бал кошуп, баарын аралаштырып аласыз. Даяр болгон аралашманы чачыңызга сүйкөп, 20 мүнөт кармайсыз дагы жылуу суу менен жууп саласыз.

Чачыңыз майлуу болсо колуңуз менен чачыңызды кармалай бербеңиз.

Кышкысын чачты бекемдөө

Чачты бекемдөөчү бул масканы жасоо эң оңой. 1 даана чийки сабизди эт сүргүчтөн өткөрүп алыңыз. Керамика идишке 5 тамчы кастор майын куюп, 1 чай кашык каймак жана кызыл болуп демделген чайдан 2 аш кашык кошосуз. Баарын аралаштырып, чачка сүйкөп, 40 мүнөт коесуз. Андан соң шампунь менен жууп, лимон кислотасы кошулган суу менен чайкап койсоңуз болот.

Чачты бекемдөө үчүн бул масканы дагы колдонсоңуз болот. 1 чоң кашык зайтун майы менен 1 чоң кашык балды аралаштырып, ага бир жумуртканын сарысын жана бир чай кашык арак кошуп аралаштырасыз. Аралашманы чачыңыздын түбүнөн баштап учуна чейин сүйкөйсүз.

Ошондой эле чачыңыздын түбүн бекемдөө үчүн манжаларыңыздын учу менен массаж кылсаңыз да болот.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × үч =