Саясатчылардын жүзү жана сүрү… Мелис-Мекендин уулу

 

Каганат.   

Ордолуу Ошту жетектегендердин сап башында каалайбызбы, каалабайбызбы Мелис Мырзакматов турат. Муну анын тарапташтары, а түгүл каршылаштары дагы жокко чыгара албайт. Анткени, Мелис Мырзакматов жөнөкөй, бирок нар көтөргүс эмгеги менен элдин жүрөгүнөн орун тапкан. Шаардын азыркы мэри Айтмамат Кадырбаев канча аракет кылганы менен   карапайым калктын жүрөгүн жибите албай убара. Ушунча убакыттан бери анын тарапташтары дагы канчалык аны ашыра мактаса деле  Мелис Мырзакматовдун ордун толтура албай келет. Мунун себеби бар.

      Мелис Мырзакматовдо саясатчы катары жүз дагы, сүр дагы жетиштүү эле. Кыска убакыттын аралыгында оор кайгыны баштан өткөргөн ордолуу шаардын ордуна келиши үчүн учурунда бардык аракетти жасады. Башкалар деле ошол ишти жасамактыр, бирок, Мелис Мырзакматов сыяктуу эсте калмак эмес. Анткени, аны жакшылап билгендер жасалмасы жок, каалаган учурда каалаган адам менен пикир алыша билген, кааласа кабинете отуруп, кааласа эл кыдырып кеткен адилет жетекчи катары билишет. Көп улуттуу калкы бар шаардын ынтымагын бекемдеп, кыйын мезгилде элдин жүгүн көтөргөн. Аны шаардыктар ошол себептен бекем сыйлап келишет.

 Мелис Мырзакматовдун дагы бир артыкчылыгы, калктын басымдуу бөлүгү жашаган түштүк жергесинде кадыр-баркы чоӊ болгон. Кыргыз бийлиги мына ошондон корккон. Кыйынчылыктан чыккан түштүк жергесине кандан, бектен кайра тартпаган Мелис Мырзакматовдун ордуна айткандан чыкпаган, мажирөө чалыш жетекчилер менен иш алып барган алда канча ыӊгайлуу болду.

Мына ошол себептен айтылуу көпүрө чырын таап чыкканга аргасыз болушкандыгы белгилүү. Мелис Мырзакматовго ачылган кылмыш иши менен жакшылап таанышкан адам анын эптеп чүргөлгөн, укуктук жактан сабатсыз эле материал экендигин тааныйт.

Бирок, учурда кыргыз бийлиги атаандаштарын четке чыгаруу максатында канчалык ыплас оюндарды ишке ашырып жатканын эске салсак, калганы түшүнүктүү эмеспи.

 

    Бир кезде «Мелис Мырзакматов Ош меники деди» деп кокуйлагандар ордолуу Оштун элине эмгеги сиӊген, ошол жерде киндик каны тамган ар бир адам кичи Ата Мекенин мактаныч менен айтууга акысы бар экенин моюндагылары келген жок. Кеп кезеги келгенде айта кетүүчү жагдай, акыркы мезгилде бечаралыктан улам ооз толтуруп, сыймык менен айта турган эл, жер тууралуу кептерге дагы терибиз тарып, «жумурткадан кыр издеп»   калчу болдук.  «Менин жерим, менин элим» дегенден  корунгандан  өткөн кордук жок. Биз муну моюнга алууга тийишпиз.

    Оозуна алы жетпегендер Мелис Мырзакматов Ошто өзүн «хан» сезип алды дегенге чейин барышты. Түшүнгөн адамга Мелис Мырзакматов өзүн хан сезген эмес, шаардын ар бир  жашоочусунун тагдырына кайдыгер болбой, шаардын жалпы өнүгүшүнө зор салым кошкону үчүн  Ош шаарынын  кадырлуу эли сыйын аяган эмес. Өз мезгилинде Мелис Мырзакматов дагы ошол сыйга татып берди.  

      Мелис Мырзакматовдун тушунда Ош шаары Кыргызстандын экинчи борбору экендиги билинип турчу. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен дагы мамилесин үзбөй, бат-баттан баарлаша турган.

 

Ош шаарында жасалган ар бир ишти алар аркылуу кыргызстандыктар билсин деп максат кылган. Чынында Ош шаарынын жетекчилиги азыркыга чейин отчетуна кошуп ооз толтура айткан бир катар иштер мына ошол Мелис Мырзакматовдун тушунда башталган. Муну шаардыктар дагы, ошол эле бийликте отургандар дагы жакшы билишет.

      Чын-чынында Мелис Мырзакматов бийликте турганы менен анын таасирине жетеленбеген саясатчы болгон. Ал башында турган «Улуттар Биримдиги» партиясы Кыргызстандын аймактарында кадыр-баркка ээ боло баштаган. Анын президенттикке аттанууга ниети бар экендиги билингенден тарта, кыргыз бийлиги анны саясаттан алыстатуунун аракетин көрүп баштаган.

Мына ушул жагдай кыргыз бийлигинин үшүн алган. Эгерде шашылыш кылмыш ишин ойлоп таап, ордунан жылдырбаса оӊой эмес оппонент экенин түшүнгөн.

   Бүгүн мекен мына ушундай чечкиндүү уулдарына зар болуп турат. Мелис Мырзакматов, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров сыяктуу кыргыз эллине караан-бутак болуп бере турган, кыргыз саясатында жүзү дагы, сүрү дагы жетиштүү эр-азаматтарыбыздын катарыбызда жоктугу кадимкидей билинүүдө. Бул тууралуу карапайым калк айтканы менен эптеп эле ээрден түшкүсү келбеген бийлик өз билгенин кылууда.  

    Мелис Мырзакматовду бийлик канчалык душман көрбөсүн, ал Мекендин уулу. Анын эл алдында жасаган эмгегин эч ким жокко чыгара албайт. Ал тарых барактарында тектүү элдин тегин унуттурбай, бабаларынын баскан жолун урпактарына айкелдер менен тааныткан жалгыз саясатчы катары жазылып кала берет. Бул анын кыргыз эли үчүн, улут үчүн жасаган нар көтөргүс эмгектеринин бири катары саналат.  

Мелис Мырзакматов  кыргыз саясатында бир аз мезгил аралашпай калса жүзүн жогото турган саясатчы эмес. Муну алсыз бийлик да, алардын арсыз кошоматчылары да тана албайт. Анткени, анын саясатта өз орду, өз жүзү бар. Эӊ негизгиси,  анда сүр бар.

Казактарда «көкжал эч качан иттен калганды искебейт» деген кеп бар. Анын сыӊарындай, учурдагы кыргыз бийлиги менен табакташ болуудан баш тартып, убактылуу элин таштоого аргасыз болгон Мелис Мырзакматовдун колдоп турган эли турганда жылдызы жанаар күндөр алдыда. Аз калды…    

  Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

14 + бир =