Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп Мурат Жуматаев шайланды

Каганат.

Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп Мурат Жуматаев шайланды.  

Маалым болгондой, жалпы 142 шайлоого укугу бар окумуштуулардын ичинен 125и катышты. Алар илимдин докторлору, академиктер, илимий-изилдөө институттарынын директорлору болуп саналат.

Шайлоонун жыйынтыгында 116 окумуштуу Мурат Жуматаевдин талапкерлигин колдошту. Мыйзамга ылайык, жаңы шайланган жетекчини Өкмөт башчы бекитет.

Мурат Жуматаев 2017-жылдын 4-майынан тарта УИАнын президентинин милдетин аткаруучу болуп келген.

Кошумчалай кетсек, УИАнын президенттигине бир гана адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Мурат Жуматаев 1957-жылы төрөлгөн. Техника илимдеринин доктору.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × бир =