Султан Жумагулов Монголиядагы окуя экинчи кайталанбастыгын айтты

0

Каганат.

Жогорку Кеңеште маданият жана маалымат туризм министри кызматына президенттин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Султан Жумагуловдун талапкерлиги жактырылды.

Депутат Кожобек Рыспаев талапкерден үч жыл мурда Монголияга иш сапары менен учуп барган кездеги окуянын чоо-жайын сурады.

«Окуя үч жыл мурда болгон. Анда бир аз инцидент болгону чын. Аны көбүнчө менин кесиптештерим көптүрүп жиберишкен. Бирок, мен жоопкерчиликти мойнума алып кызматтан кеткенмин. Эгер сиздер мени колдосоңуздар ал экинчи кайталанбайт деп убада берем», — деди Султан Жумагулов.

Эске салсак, КТРКнын ал кездеги башкы директору Султан Жумагулов Монголияда иш сапары учурунда мас болуп, чыр салгандыгы, учакта дагы чатакташкандыгы маалымдалган. Анын жыйынтыгы менен Жумагулов кызматтан кеткен.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 + он =