“Карек” кинофестивалына 75 тасма келип түштү

0

Каганат.

14-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында балдар жана өспүрүмдөр ат салышып жаткан “Карек” кинофестивалы өтөт.

Фестивалдын башкы максаты – жаш киночуларды жаштайынан тарта чыгармачылыкка аралаштырып, бул тармакты тереңден түшүндүрүү. Бул фестиваль 2016-жылы старт алып, быйыл 2-жолу өтөт. Жылдын башында жаш режиссерлорго кино тартууга сынак жарыяланган. Алар талапка ылайык “Бул менин дүйнөм” темасынын алкагында тасмаларды тартуусу керек эле.

Тасмаларды кабыл алуу ушул жылдын 10-октябрында жыйынтыкталып, Кыргызстандын булуң-бурчунан 75 тасма келип түштү. Келген тасмалардын авторлору 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар.

Фестивалга келген тасмалар:

Драма – 40;

Даректүү. – 15;

Анимация – 3;

Мультфильм – 1;

Соц.ролик – 7;

Клип – 5;

Слайд-шоу – 4.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × бир =