Курманкул Зулушев “Лигласс” боюнча Зилалиевди жарга такады

0

Каганат.

“Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча келишим бузулду, 10 чакан ГЭСтин тагдыры эмне болду, аны дагы буздуңуздарбы?”-деди депутат Курманкул Зулушев ЖКнын жыйынында өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып.

“10 чакан ГЭС боюнча сынак өткөрүүгө иш-чаралар жүрүүдө. “Лигласс” менен болгон келишимде мыйзам бузуу бар болсо жооп берүүгө даярмын”,-деди вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев.

Өкмөт мүчөсү келечекте кайрадан тендер өтөрүн белгилеп, тендердин жобосуна өзгөтүүлөр кирип жатканын кошумчалады.

“Тендер мыйзамсыз өтүп жатат деп кайрылганбыз, комитетте караганбыз билесизби?”-деди Зулушев.

“Сиздердин кайрылуу ошол күнү эртең менен факс аркылуу келген. Тартипке жараша мен комиссиянын алдына алып чыккам. Талкуулаганбыз. Көпчүлүк менен тендерди өткөрөлү деп чечим кабыл алганбыз”,-деди Зилалиев.

“Эмнеге Тышкы иштер министринин катын эске алган жоксуңар?”-деди эл өкүлү.

Зилалиев болсо ТИМден эч кандай кат келбегенин айтты. Аны менен катар эле 10 чакан ГЭС боюнча дагы келишим бузулганы белгилүү болду.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 + он бир =