Кыргыз-казак чек арасындагы абал жакшыра элек

Каганат.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерде абал жакшыра элек.

 Маалым болгондой,  “Ак Жолдо” саат 10дон кечки 5ке чейин 100-300дөй киши жана 30-40тай жеңил машине, маршруттук такси, автобустар кезек күтүшүүдө.

“Ак Тилек” бекетинде кезек күткөн оор жүк ташуучу машинелердин саны 400дөн ашуун, алардын катары 12 чакырымга созулат. Бул бекет аркылуу казак тарап бир саатта 6дан 10го чейин фура өткөрүп жатат.  Кечээ 1-ноябрда  115 фура өткөрүлдү, арасында жүгү жок машинелер да бар.

Кыргызстан чек арадагы абал үчүн Казакстанды айыптоодо. Андагы узун кезек күтүүлөр 10-октябрда, казак бийлиги көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги текшерүүнү күчөткөндөн кийин жаралган. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине карата айткан сынынан кийин болгон.

Казакстандын аткаминерлери чек арадагы абалда саясаттын жок экенин билдирип келишет. Эки тарап тең ЕАЭБдин мүчөсү болуп эсептелет. Булардан тышкары биримдикке Орусия, Беларус жана Армения мүчө.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 2 =