Ошто турак үйдүн дубалы кулап 2 адам каза болду (фото)

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарынын Памир көчөсүндө жайгашкан №65 турак үйдүн дубалы кулап, 3 адамды басып калды.  

Маалым болгондой, айтылган дарекке саат 12:10 чамасында Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу барган. Кийинчерээк дубалдын алдындагы 2 адам каза болуп, 1 адам жеңил жаракат алганы белгилүү болду.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, 3 адам канализация казып жатышкан. Учурда жабырлануучулардын аты-жөнү такталып жатат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш − үч =