“Жаңы муун” кыймылынын лидери УКМКга суракка чакырылды

Каганат.

“Жаңы муун” кыймылынын лидерлеринин бири Айбек Бузурманкуловду УКМКга суракка чакырышты.  

Бузурманкулов бул 3-ноябрда Таласта өтө турган митингге байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди.

Эртең саат 12:00дө президент Алмазбек Атамбаевдин Талас элинен кечирим суроосун талап кылган митинг болмок.

Ал эми УКМКдан болсо Бузурманкуловду мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштерин жүргүзүү үчүн чакырышканын билдиришти.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × төрт =