Быйыл электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт

Каганат.

Бишкек мэриясынын №247-токтому чыгып, жылуулук берүү иши 17-октябрдан башталсын,- деп тескеме чыккан.   Бул тууралуу “Парламент” радиосунун түз эфиринде болгон Бишкек жылуулук тармактар ААК башкы директору Эркин Абдыкалыков билдирди. Ошондой эле ал, -” Күн жылуу мезгилде берилген жылуулук үчүн төлөмдөр күн сууктагы колдонулган тарифтерден айырмаланып турат”, – дейт “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.                                     

Чек арадагы абалга байланыштуу көмүр наркы көтөрүлүп кетти дегендер бар. Бирок, көмүрдүн өндүрүлгөн баасы акыркы 5 жылдан бери эч өзгөргөн жок. Анын сортуна жараша баасы кен чыккан жерде 1200-1300 сомдон. Айта кетиш керек, көмүр баасын тескей турган “Кыргызкөмүр” ишканасы эмес. Баа саясатына келгенде антимонополиялык ведомство жооп берет,- дейт ошол эле радиоуктурууга чакырылган “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Надырбек Бекжанов.                       

Быйылкы кыш мезгилинде элде электр жарыгы боюнча көйгөй жаралбайт. Маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт,-дейт Улуттук Энергохолдинг ААК башкармалыгынын төрагасынан биринчи орун басары Нурлан Садыков радиоугармандардын суроолоруна жооп берип. Ошондой эле ал, – жаңы конуштарды трансформаторлор менен камсыздоо иши бир гана энергетиктердин милдети эмес, бул жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип иш алып баруудабыз,- деп түшүндүрдү.

Бөлүшүү:

Пикир

он эки + төрт =