Министр пенсия курагындагы жетекчилерди кызматынан бошотту

1

Каганат.

Бишкектеги 6 медициналык мекеменин жетекчилери кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 3-ноябрда Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кол койду.

Ага ылайык, төмөнкү кызматкерлер жумуштан бошотулду:

№ 2 – үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчиси – Жыргыл Касымалиева;

№ 1-шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери – Жусуп Бошкоев;

Студенттер ооруканасынын башкы дарыгери – Чынара Балтабаева;

Шаардык эндокринологиялык диспансердин башкы дарыгери – Светлана Мамутова;

Шаардык перинаталдык борбордун жетекчиси – Бурул Алмазбекова;

Балдардын жана үй-бүлөлөрдүн адистештирилген реабилитациялык борборунун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу- Роза Көчөрбаева.

Министрлик бул кызмат орундарына сынак жарыяланарын билдирди.

“Дүйнө ордунда турган жок. Кызматынан бошотулган адамдар пенсия курагына келип калышкан. Алар медицина тармагына бир топ салым кошушту, бирок жаштага жол бошотуу керек”,-деди Батыралиев.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Азамат Абдуллаев 6 November, 2017 at 21:56 Жооп берүү

    Ото жакшы чечим кабыл алыпсыз, Эми бир гана жетекчилер эмес, пенсияга чыккан врачтардын орундарын да, жаш кадрларга откоруп беруу мыйзамы иштеп чыгарылса жакшы болмок.

Пикир

13 − төрт =