Орто Азиядагы эң ири архитектуралык эстелик кайсы билесизби?

0

Каганат.

Кыргызстандагы рекорддор же эң, эң…, алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор тууралуу маалымат.

Эң чоң

• КРдеги эң чоң көл — Ысык-Көл. Аянты 6236 км2. Андан кийин Соң-Көл (аянты 270 км2), Чатыр-Көл (171 км2) турат. Кыргызстанда жалпы аянты 6836 км2 болгон 1923 көл бар.

• Эң ири мөңгү-Түштүк Эңилчек. Кан­-Теңир тоо тоомунда. Узундугу 58,9 км, туурасы 2-3 км, аянты 613,2 км2, орточо калыңдыгы 300-400 м.

• Эң чоң ойдуң-Фергана өрөөнү. Узундугу 340 км, эң жазы жери 160 км, аянты 22000 км2.

• Эң чоң жана узун өрөөн — Нарын өрөөнү. Ал Эки­Нарын капчыгайынан Фергана өрөөнүнө чейин созулат. Узундугу 470 км.

• Эң ири жана суусу мол дарыя — Нарын. Анын Кыргызстандын аймагындагы узундугу 534 км. Ага бардыгы 830 суу куят. Нарын гидроэнергетикалык кубаттуулугу боюнча да алдыда. Гидроэнергоресурсу-5,94 млн кВт.

• Эң ири суу сактагыч — Токтогул. Аянты 284,3 км2, жалпы көлөмү 19,5 млрд м3.

• Аянты боюнча эң чоң облус — Нарын. Жалпы аянты 45,2 миң км2.

• Эң чоң район Ат-­Башы. Аянты 19,1 миң км2.

• Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү ири алтын кендеринин бири — Кумтөр. Алтындын геологиялык запасы 300 тоннага жакын. Деңиз деңгээлинен 4 миң метрден ашык бийиктикте. 1978-ж. 9-ноябрда ачылган. 1997­ж. андан алгачкы 132 т алтын казылып алынган.

• Эң чоң ГЭС – Токтогул, кубаттуулугу 1200 мВт.

• Кыргызстанда гана эмес, Орто Азиядагы эң ири архитектуралык эстелик-Таш-Рабат. 15­кылымда курулган. Атбашы айылынан 80 км түштүк­батышта, Бишкек-Торугарт жолунан 18 км аралыкта.

• Эң чоң өткөөл капчыгай — Боом. Ал Чүй өрөөнү менен Ысык-Көл өрөөнүн байланыштырат. Күнгөй Ала­-Тоо менен Кыргыз Ала-­Тоосунун жакындашкан жеринде, капчыгайдын таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1300-1550 м, капталдары таманынан 1800-2500 м. Узундугу 25 км, жазылыгы 150-350 м.

• Эң ири ирригациялык жана энергетикалык канал — Чоң­-Чүй каналы (азыр ал Батыш Чоң­-Чүй каналы деп аталат). Курулушу 1941­-ж. 14­-майда башталган. Согуш учурунда токтоп, 1946-­ж. кайра башталган жана 1958­ж. 11-­июлда бүткөн. Чүй өрөөнүн чыгыштан батышка карай кесип өтөт. Узундугу 147 км, туурасы 10-20 м, тереңдиги 5-6 м. Каналда кубаттуулугу 29 миң кВт болгон 7 гидроэлектрстанция курулган. Анда 226 гидротехникалык курулма, 196 суу өлчөгүч пост бар.

• Эң ири китепкана-В.И. Ленин атындагы улуттук китепкана. 1934-­ж. ачылган.Китеп фонду 6 миллиондон ашык, дүйнө элинин 89 тилинде.

• Эң ири завод-Майлысайдагы электр лампа чыгаруу заводу. 1968-­ж. ишке берилген. Ал кубаттуулугу боюнча СССРдеги эле эмес Европадагы эң ири заводдордун катарында турган. Жылына 300 млндон ашык электр лампасын чыгарган.

• Эң ири спорт комплекси — ”Спартак” стадиону Бишкекте 1939-41­-ж. курулуп, 1963­-ж. реконструкцияланган. Аянты 4,5 га. Трибунасы 25 миң орундуу.

Автор: Ысмайыл Кадыров

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир + тогуз =