Таластагы митингчилер Бишкекте курултай өткөрүүнү талап кылышууда

Каганат.

Таластагы митингчилер Бишкекте курултай өткөрүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу митингчилер билдиришти.

Алар Бишкекке бардык облустун өкүлдөрүн чакыруу керектигин айтышты.

Облустук ички иштер башкармалыгы митингде 700гө жакын киши катышып жатканын кабарлады.

Нааразычылык акциясына катышып жатышкан аксакалдар жаштарды провакацияга алдырбоого чакырууда.

Митингге чыккан эл кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салууну талап кылуу менен бирге эле президент Алмазбек Атамбаевге нааразычылыгын билдиришүүдө.

Алардын айтымында, президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митингге чыккандарды Абыке, Көбөштүн тукумдары деп атаганы үчүн атамбаев элден кечирим сурашы керек.

Эскерте кетсек, 29-октябрда да Таласта ажого нааразы болгондор митингге чыгышкан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × беш =