Суунун пайдасын билип алыңыз

0

Каганат.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча адам организминин 86 пайызы суудан турат. Эгер организмде суунун өлчөмү азайса, анда адам ар түрлүү ооруга чалдыгат.

Адам организминен бир күндө болжол менен 1,5-2 литр суу бөлүнүп чыгат. Ошондуктан адам күнүнө ошол жоготкон сууну толуктап туруу керек.

Таң эртең менен ач карын суу ичүүнү адатка айландырып алган оң.

Мээден баштап аш казанга чейин дененин баардык мүчөсүнө суу зарыл. Кафейинсиз кофе, чай же болбосо шекерсиз табигый суусундуктар, суу менен аралашкан жемиш ширелери жана эң негизги бөлүгү суудан турган дарбыз сыяктуу азыктардын курамында карбонгидрат же болбосо туз өлчөмү көп болбосо суунун ордуна алмашылат. Чай, кофе кола, сыяктуу суусундуктар денедеги суу житишпестигин дагы да артыргандыктан, кошумча суу ичип туруу кажет.

Суунун денеге пайдасы:

Дене температурасын туруктуу кармайт.

Токсиндерди өттөгү кислотаны айдап чыгарат.

Бөйрөк жана боордогу калдыктарды (шлактарды) тазалайт.

Витамин жана минералдардын буткүл денеге тарашын камсыз кылат

Дененин жаракат алып калуусунан коргойт.

Клеткалардын жана булчуң эттердин биригишин камсыздайт.

Тери клеткаларын нымдаштырат жана сакайтат.

Тамак-аштын сиңишине жана шлактардын чыгуусуна чейин суунун милдети зор.

Чоң адамдарда 40-50 литр суу болот. Канда 83%, булчуң эттерде 57%, мээде 74% сөөктөрдө 22% суудан турат. Денеде 20 пайыз суу жетишпесе өтө коркунучтуу жана өлүмгө чейин алып баруусу ыктымал.

Керектүү деңгээлде суу ичилбесе:

Мээнин иштөөсү жайлайт.

Кан коюуланат.

Жүрөк көп жумуш иштөөгө мажбур болот,

Зара сары түскө айланат

Ичтин катып калышына себеп болот.

Суу жетишпеген абалда төмөнкүлөр болот:

Баш ооруйт

Баш айланат,

Чарчоо жана алсыздык,

Оюңуз бир жерде болбойт,

Табиттин жоктугу

Бийик жерлерде аба ысык жана нымдуу болсо, грип же болбосо температура болгон кезде организм сууга көбүрөөк муктаждык пайда болуп, андай учурда көбүрөөк суу ичүү керек.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × үч =