Үй шартында кетчуп жасаганды үйрөнөбүз

0

Каганат.

Керектелүүчү азыктар:

Кызыл паприка- 1 кг

Чили калемпири, жаңы- 150 грамм

Сабиз- 500 грамм

Пияз- 500 грамм

Сарымсак- 300 грамм

Помидор- 2 кг

Имбирь 3 аш кашык

Томат пастасы- 200 грамм

Кургак базилик- 2 аш кашык

Кориандр- 1 аш кашык

Кум шекер- 4 аш кашык

Туз- татымына жараша

Алма уксусу- 70гр

Өсүмдүк майы- 150 грамм

Жүгөрү крахмалы- 2 аш кашык

Үй шартында даамдуу кетчуп жасап алсаңыз болот

Даярдоо ыкмасы:

1. Сабиз, пияз, паприка, базиликти тазалап жууп, майдалап, 2 стакан сууга 10 мүнөт кайнатып аласыз.

2. Сарымсак, чили, помидор дагы майдаланып мискейге салынат. 10 мүнөт кайнатып, отту азайтып дагы 10 мүнөт кайнатасыз. Улам аралаштырып туруу керек.

Үй шартында даамдуу кетчуп жасап алсаңыз болот

3. Томат пастасын 700 грамм сууга салып аралаштырасыз, ага майдаланган имбирди салып, жогорудагы азыктар салынган мискейге кошуп дагы 5 мүнөт кайнатып аласыз.

4.Мискейди оттон алып, муздаганга чейин күтүү керек. Андан кийин блендерге улам бөлүп салып, эки мүнөт кармап, андан ары сүзгүчтөн өткөрүп аласыз.

6. Эми кайрадан мискейге салып, туз, кум шекер, кориандр, өсүмдүк майы жана уксусту кошуп жай отто 5 мүнөткө кайнатып аласыз.

Үй шартында даамдуу кетчуп жасап алсаңыз болот

7. Жүгөрү крахмалын 100 грамм сууга аралаштырып, мискейге куясыз. Бир кайнатып алып, мискейди оттон аласыз. Ал ушул жүгөрү крахмалы кетчуптун даамын арттырат. Андан кийин банкага куюп, муздак жерге сактап күнүмдүк тамак- ашыңызга колдоно берсеңиз болот. Даамы абдан жакшы.

Бөлүшүү:

Пикир

эки + 20 =