Кайсы таштанды канча убакытта чирийт билесизби?

0

Каганат.

Кыргызстан таштандыга толуп кетти. Эс алгандан кийин артыңарды тазалап кеткиле. Таштандыларды чогултуу акциясы. Бул сөздөр баарыбызга эле маалым эмеспи. Бүгүн дагы ЖКда таштанды маселеси көтөрүлүп, депутаттар Кыргызстандагы туристтик жайлар таштандыга толуп калганын белгилешти.

Депутат Бакирдин Субанкулов айланабыздын баары таштанды болуп турса туризмдин өнүгүүсү тууралуу кеп кылбай деле койсок болорун айтты. Ошондой эле ал аба булганып, дем алууга мүмкүн болбой калганын дагы кошумчалады.

Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү абаны негизинен унаалар булгай турганын билдири. Айтымында, республика боюнча жалпы 1 миллиондон ашуун унаа катталган. Бишкекте унаалардын саны 450 миң. Ошондой эле күнүнө борбор калаага 50 миң унаа кирип чыгат.

“Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза” деп какшап эле келгенибиз менен көчөдө таштандыларды каалашынча ыргытып, басып кеткендер жок эмес.

Мекенине кайдыгер карабаган адамдар бул маалыматтарды окуса балким жаратылышка аяр мамиле кылып калышабы деген ниетте кайсы таштанды канча убакта чирип жок болору тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

Тамак-аш калдыктары

Тамак-аш калдыктары бир айдын ичинде чирип жок болот.

Гезиттер

Гезиттер 1 айдан 1 жылга чейин чирип жок болот.

Картон

Картондор 3-4 айда чирийт.

Жалбырактар, бутактар

Жерге түшкөн жалбырактар, уруктар, бутактар дагы таштандылардын бир түрүнө кирет жана 3-4 айда чирийт.

Кагаз

Кадимки кагаздарды айылдарда отко жагып жок кылышса, шаардыктар дароо ыргытууга шашылышат. Айтсам таң каласыз, биз колдончу кеңсе кагазы 2 жылда чирийт.

Жыгач

Курулуш материалдарынын катарында жыгачтар бар. Таштандынын бул түрү 10 жылда чирип, жок болот.

Темир арматура

Курулушта көп колдонулган арматура 11-13 жылда араң чирийт.

 Консерва идиштери

Консерва идиштерин ыргытып жатып ал 10 жыл дегенде араң жок болорун эсиңизден чыгарбаңыз.

Эски бут кийимдер

Эски бут кийимдер 10 жыл дегенде араң чирийт.

Кыш жана бетон

Курулушта колдонулган кыштар жана бетондор 100 жылда чирийт.

Унаалардын аккумуляторлору

Унаа аккумулятору 100 жыл өткөн сон араң чирип, жок болот.

Полиэтилен баштыктары

Дүйкөнгө барып соода кылган сайын полиэтилен баштыктар үйгө додо болуп үйүлүп калат эмеспи. Дал ушул баштыктар 120 жыл дегенде араң чирийт.

Батарейкалар

Батарейкалар 110 жыл дегенде чирип жок болот.

Дөңгөлөк

Унаа сүйүүчүлөр дөңгөлөктөр 120-140 жылда чирий турганын билип алгандары оң.

Желим жана желим бөтөлкөлөр

Желимдер жана желим бөтөлкөлөр 180-200 жыл дегенде араң чирийт.

Банкалар

Суусундуктарды, сыраларды ичкен соң алардын идишин дароо ыргытууга шашабыз. Бирок бул суусундуктардын банкалары 500 жылда араң чирий турганын билчү белеңиз?

Айнек

Айнектер эң көп убакытта чириген таштандылардын катарында. Башкача айтканда, ал жок болгуча 1000 жылдан көп убакыт керектелет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 4 =