Кесиптештер кеп айтат…

0

Каганат.

7-ноябрь ары түйшүктүү ары жоопкерчиликтүү кесип ээлеринин майрамы болду. Башкача айтканда, маалымат жана басма сөз күнү. Коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырып, бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, маалыматты так жана өз убагында коомчулукка жеткирип келген журналисттерге кесибине байланыштуу суроо узаттык.

Журналистикадан эмне таптыңыз жана эмне жоготтуңуз?

Канышай Мамыркулова, журналист: “Журналистикадан тапканым арбын”

“Журналистика тактыкка, факты менен иштегенге, жыйнактуу болууга, анализ жасаганга үйрөттү. Аздыр-көптүр элге эмгек кылууга негиз түздү. Силердей жакшы кесиптештер менен туздаш-даамдаш болдум. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө мааниси зор журналистика тармагынан тапканым арбын. Жоготтум деп кейий турган жагдайга талаа-түздө жүргөндө таасири тийген ден-соолукту эле айтсам керек. Адам болгондон кийин кайсы тармакта иштесең деле ден-соолугуңа таасири тиет. Майрам күнү кейиген кептерден кеп салганды туура көрбөйм. Ар бир кесиптешимди кесиптик майрамы менен куттуктап, ар бирине чыгармачылык ийгилик каалайм!

 

Олжобай Шакир, журналист: “Чыгармачылык казынам журналистикада жүргөндө толду”

“Мен өзүм кесибим боюнча журналист эмесмин, бирок журналистика тармагына мектеп жашыман аралашкан чоочун үйүрдүн кишисимин. Ошентсе да журналистика мени абдан чоң турмуштук тажрыйбага үйрөттү. Мыкты чөйрөгө, түрдүү кесиптин ээлерине аралаштырды. Турмушта канча көп чөйрөгө аралашсаң, ошол ар бир кесиптин, ар багыттагы адистери менен баарлашып, чыгармачылык көрөңгөң артат экен. Билбегениңди билесиң. Айтор, мен адабият астанасын аттаганыма журналистиканын көп таасири тийди. Адал нанымды таап жегенге аракет кылдым. Ал эми “эмне жоготтуңуз” дегениңе жооп таппай отурам. Демек, жоготкон эч нерсем болгон эмес окшойт. Тескерисинче, чыгармачылык казынам журналистикада жүргөндө толду”.

 

Зинакан Пасанова, журналист: “Журналистика деп жүрүп убакыттан уттурдум”

“Мен 35 жылдай массалык маалымат каражаттарында эмгектендим. Журналистика оор тармак, айрыкча аялдар үчүн. Коомдук турмуштагы бардык окуяларга сарасеп салып, элге  тез жана так маалыматтарды жеткирүү, турмуш чордонунда жүрүү, доордун күрөө тамырынын кагышын илгиртпей туюп, мезгил менен тең адымдоо сыяктуу талаптары бар. Бирок, журналистика чыгармачылык процесс болгондуктан, кумар-ышкысы жана ала турган ырахаты да бар.

Мен маалымат тармагына арнаган өмүрүм азыр мага өтө бай жана кызыктуу өткөндөй сезилет. Доордун оош-кыйыштарын жүрөгүң менен сезип турасың. Жаңы адамдардын дүйнөсүнө, тагдырына  аралашасың. Коомдогу көйгөйлөрдү козгоп, алардан арылууга өз салымыңды кошосуң. Журналисттер да  эл алдында таанымал адамдар, ошондуктан ар бир берген малыматыңдын, айтаар сөзүңдүн жоопкерчилигин сезесиң. Журналистикага өмүрүмдү арноо менен азын-оолак жоготконум да да болду. Тегирмендин парасындай болуп дүкүлдөгөң күнүмдүк иш ыргагынан чыга албай жүрүп, өзүмдүн жеке чыгармачылыгыма, балдарыма, оокат-тиричиликке бөлө турган убакыттан уттурдум.

Дагы бир өкүнгөнүм, журналист иштеп турган учурунда гана бааланат. Ал пенсияга чыккандан кийин баары унутуп коюшат, кандай жашап жатат, абалы кандай – эч кимди (жамаатты, тийиштүү органдарды) кызыктырбай, материалдык жагынан айтпай эле коеюн, моралдык колдоо да жок. Ошол жагы өкүнүчтүү”.

Жалил Сапаров, Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси: “Журналистика башкалардыкына окшобогон жан дүйнө тартуулады”

“Журналистика мага эртелеп дүйнөнү таанытты, себеби мен бул чөйрөдө мектеп партасынан тарта, башкача айтканда, 6-7-класстан баштап эле жүрөм. Журналистика мага бир гана жакшы жазганды, жакшы ууканды, жакшы баамдаганды үйрөтпөдү. Ал баарынан мурда туура ой жүгүрткөндү, көп окуганды, дайыма жаңы нерселерди, билимди, тажрыйбаны сиңиргенди, дайыма изденип жашоо керектигин үйрөттү. Журналистика менен жашоодогу баалуулуктарымды, ушул жааттагы өзүнчө казынамды түздү, башкалардыкына окшобогон жан дүйнөмдү берди, башкаларга жага бербеген чындыктарга жетеледи. Мага жашоого болгон кумарды, таптаза сүйүүлөрдү берди. Мен турмушта кайсы бийиктикке жетсем, кандай ийгилик жаратсам, баарына журналистика гана жеткирди. Дүйнө кезсем, үйдө жалгыз отуруп сүкүт салсам, менин жан жолдошум да журналистика болду. Менин эң мыкты досторумду да ушул журналистика таап берди. Журналистикага болгон карызым көп, бирок мен андан кутула алар бекенмин? Кеп ушунда”.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки + 13 =