Окумуштуулар сүрөт тартылган айнек идиш зыян экенин билдиришти

0

Каганат.

Ар түрдүү сүрөт тартылган айнек идиштерде кадмий жана коргошун сыяктуу уулу заттар бар. Бул тууралуу Science of the Total Environment журналы жарыялаган макалада жазылат.

“Стакан өңдүү айнек идиштердин сыртында тартылган сүрөттөрдө жогорку көлөмдөгү коргошун жана кадмий бар экени бизди абдан таң калтырды. Мындай идиштерди узак убакыт бою пайдалануу ден-соолукка бир топ зыян алып келет. Ошондуктан айнек идиш чыгаргандар тез арада тиешелүү чараларды көрүүлөрү зарыл”,-деген окумуштуу Эндрю Тернер.

Боеёктордун кандайдыр бир бөлүгү идиштен ажырап, адамдын организмине кириши мүмкүн экени жазылат маалыматта. Эң кызыгы Кытайда чыгарылган идиш гана эмес Европада жасалган айнек идиштер дагы уулуу заттар менен боелгон болуп чыккан. Окумуштуулар белгилешкендей, бул көрүнүш өндүрүүчүлөр зыяндуу башкача айтканда, арзанына карап сапатсыз боёкторду колдонгонунан улам болууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он үч − алты =