Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгы белгиленет

0

Каганат.

Бишкекте кыргыздын тунгуч опера ырчысы Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгына карата эскерүү кечеси даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна кече өтө турган Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынан кабарлашты.

15-ноябрга пландалган кечеде дүйнөлүк жана улуттук классика чыгармалары аткарылат.

СССРдин эл артисти, профессор, кыргыздын тунгуч профессионал опера ырчысы Сайра Кийизбаева 1917-жылы Бишкекте туулган. Ал 1988-жылы 71 жашында дүйнө салган.

Кийизбаева дүйнөлүк ысымдагы улуу композиторлордун классикалык операларындагы ондогон башкы каармандардын ролдорун аткаруу, көрүүчүлөргө тартуулоо менен бирге ар кандай маңыздагы, түрдүү аваздык боёктогу, лирикалык, патриоттук ырларды, романстарды да өтө чеберчиликте аткарган.

 

Бөлүшүү:

Пикир

үч + он тогуз =