Түштүктөгү миллиондогон каржылык мыйзам бузуулар боюнча ким жооп берет?

0

Каганат.

Ош шаары, Ош облусу, Жалал-Абад облусу, Баткен облусу боюнча 5,7 млн сом суммадагы каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган облустарда 2016-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүлгөн.

Маянаны негизсиз берүү – 95,0 миң сомду, акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги – 98,8 миң сомду, командировкага кеткен чыгымдарды көбөйтүп көрсөтүү – 34,1 миң сомду, казына системасынан сырткары каражаттарды төлөө – 18,9 миң сомду, курулуш иштерине кеткен каражаттарды жогорулатып көрсөтүү – 435,4 миң сомду, атайын каражаттар максатсыз пайдалануу – 105,0 миң сомду түзгөн.

Мындан сырткары 269,1 миң сом дебитордук насыялык каражаттар, бюджетке кошумча киреше болгон 7,7 миң сом жашырылганы белгилүү болгон.

Каржылык мыйзам бузуулардын баары калыбына келтирилиши керек. Аудиттин жүрүшүндө 611,9 миң сом калыбына келтирилген. Ошондой эле бюджеттин жоготуулары 17 млн сом экени аныкталган.

Эске сала кетсек, буга чейин дагы Эсеп палатасы 2015-жылдын 1-июлунан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөт боюнча аудит жүргүзүп, Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын текшерген. Анын натыйжасында Ош шаарынын мэриясында 17,3 миллион сом суммадагы каржылык мыйзам бузууну аныктаган.

Бирок бул каржылык мыйзам бузуу боюнча шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жооп бере элек. Түштүктө, анын ичинде Ош шаарынын мэриясында дагы текшерүү жүрүп экинчи ирээт каржылык мыйзам бузуу бар экени аныкталып оутрат. Бул миллиондогон каражаттар сол чөнтөккө кеткени боюнча ким жооп берет?

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 18 =