Унаасы менен Чоң Чүй каналына кулап кеткен айдоочу баласы менен каза болду

Каганат.

ӨКМнин басма сөз  кызматы  билдиргендей, Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналына «Пежо» үлгүсүндөгү унаа кулап, айдоочу баласы менен каза болду.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 7-ноябрда саат 21:00дөр чамасында катталган. Анда ГЭС-5 жана Жер-Казар айылдарынын ортосунда Чоң Чүй каналына «Пежо» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру Е 60-20 S) унаа түшүп кеткен. ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары жана ӨКМдин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары келгенге чейин унаадан айдоочунун жубайы 1977-жылы туулган Т.Р., жана 1999-жылы туулган уулу Т.И., ошондой эле кызы 2012-жылы туулган Т.А., эч кандай жаракат алышпай, унаадан өздөрү чыгып кетишкен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1975-жылы туулган Т.Т. жана 2011-жылы туулган уулу Т.Н. окуя болгон жерде каза болгон. Куткаруучулар унааны суудан чыгарышып, унаанын ичиндеги каза болгон адамдардын жансыз денелерин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

10 + 7 =