Аламүдүн базарындагы жер үстүндөгү өтмөк ачылды

Каганат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Бишкекте жер үстүндөгү өтмөктүн биринчиси ачылды.

Маалым болгондой, ал Аламүдүн базарынын жанында жайгашып, узундугу 33 метрге барабар.

Өтмөк шам чырактар менен камсыздалып, эки лифт менен жабдууланган.

Объектти курууга дээрлик 18 миллион сом сарпталды.

Жер үстүндөгү өтмөк тыгындарды азайтууга багытталып, майыптар жана жүк ташуу үчүн лифттер менен камсыздалды.

Алардын экинчиси, эске салсак, Чүй-Алмата көчөлөр кесилишинде дагы курулууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × төрт =