Балды кышкыга кантип туура сактайбыз?

0

Каганат.

Ар бир үйдө таза балдын болгону жакшы. Анын дарылык касиети өтө жогору. Ден- соолукка жана сулуукка кам көрүү үчүн эң мыкты каражат болуп эсептелет. Бирок, бул сапар балды туура сактоо ыкмаларын үйрөнөлү. Анткени, бал туура сакталбаса даамы бузулуп, дарылык касиетин жоготуп коёт.

Үй шартында балды сактоо үчүн атайын идиш (тара) даярдап аласыз. Анын капкагы жылчыксыз жабылууга тийиш. Анткени ичине нымдуулук жана жыт кирбеши керек. Ошондой эле таза, кургак болушу шарт. Балды таза идишке куюңуз, мурунку жылдан калган балдын үстүнө салууга болбойт, даамын бузуп коёт.

Дат баспай турган идиштерге сактаган туура болот. Маселен, айнек идиш, калай же жыгач идиштер. Ал эми жез идишке сактоого болбойт, сапатын бузат жана кычкылдандырат. Андыктан идиштен балды алган учурда жез кашык менен алууга да болбойт жана сакталган балдын ичинде жез кашыкты калтырууга болбойт. Жезден токсиндер пайда болуп ,ар кандай зыяндуу химиялык заттар пайда болот.

Идеалдуу температура 6-20 градус болгону дурус. Ал эми балдын жанына туздалан балык, пияз, сарымсак, суу жана туз сактоого болбойт. Алар нымдуулук пайда кылып, балга зыянын тийгизет. Бал жарыкты сүйбөйт, анткени ал микробдорго каршы каражатты курамынан жоготот.

Бөлүшүү:

Пикир

сегиз + он эки =