Депутат ишенимден чыккан курулуш компаниялардын тизмесин түзүүнү сунуштады

Каганат.

Турак жай куруу жаатында иштеген компаниялардын жоопкерчилигин жогорулатып, Ишенимден чыккан курулуш компанияларынын тизмесин түзүү зарыл. Мындай чара өтө маанилүү. Анткени, көп компаниялар турак жай толук бүткөрүлө электе эле сатып жатышат. Жарандардын акчасын алып алып, турак жай курулушун өтө создуктурган фирмалар дагы жок эмес. Бул тууралуу депутат Марат Аманкулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Көп адамдар турак жай ипотекасы үчүн насыяларды алууга аргасыз. Ишенимден чыккан компаниялардын айынан оорчулук турак жай ээлерине түшүп, алар батирлерине кирген күндө да кошумча оӊдоолорду жүргүзүүдө. Кандай болгон күндө да, турак жай курулушу мамлекеттин көзжаздымынан тышкары калбоого тийиш. Эртеби-кечпи баары бир бул маселени чечүүгө туура келет», – дейт депутат.

Бөлүшүү:

Пикир

бир × эки =