Депутат: “Видеокамераларды орнотуу менен эле жол кырсыгы азайбайт”

Каганат.

Акыркы жылдары жол кырсыгы кескин көбөйдү. Акыркы эки-үч күндө эле жыйырмадан ашуун киши каза болду. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Айтымында, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу керек. Өкмөт тезинен аны жүзөгө ашыруу чараларын көрүүсү зарыл.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында видеокамераларды орнотуп коюу менен эле жол кырсыгын азайта албайбыз. Көптөгөн трассаларда жол белгилери жок, жол чийиндери так түшүрүлгөн эмес. Көптөгөн автоунаалар ээсинин ишеним каты аркылуу башка адамдар тарабынан айдалып жүрөт. Жол кырсыгы үчүн алардын толук жоопкерчилик алары күмөн», – дейт эл өкүлү.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жети − 4 =