Инаугурация: Ажолордун ант берүү учурундагы кызыктар

Каганат.

Инаугурация – (англиялык inauguration, лат. inagurо жарык кылуу, арноо, ардактоо, түшүнүктүү кылуу) – бир катар өлкөлөрдө жаңы же кайра шайланган мамлекет башчысынын кызматына киришүү алдында өткөрүлгөн салтанаттуу ант берүү аземи. Парламент алдында президенттин ант берүүсү (конституцияга, айрым өлкөлөрдө Библияга же Куранга) инаугурациянын өзөктүү моменти, конституциялык маанидеги акт болуп эсептелет. Ант бергенден кийин президент кызматына киришти деп табылат.

Ант берүүдөгү кызыктарга токтолсок, учурдагы ант берүү аземинин формасы АКШда иштелип чыккан.  Биринчи президенттик инаугурация Американын биринчи президенти Джорж Вашингтондун анты менен башталган. Вашингтондун анты 135 сөздөн турган жана Конституциядагы жазылган анттын сөзүнөн сырткары ал, “Кудай мени колдосун, мага жардам берсин” деген сөздөрү айткан, кийин бул сөз антка кошулуп айтылып калган.

 Бирок АКШ президентинин биринчи ант берүүсү Британиянын гимни менен коштолуп, анда “королду сактай гөр, кудай” деген сыяктуу саптар айтылып, ыңгайсыздыкты жараткан.

Бул ант берүү 1789-жылдын 30-апрелинде Нью-Йоркто болгон. Өзгөчөлүгү биринчи президент менен катар биринчи президенттик институт дагы киргизилип, ошондон бере АКШ бир гана президенттик башкаруу менен келе жатат.

Американын президенттери ант берүү учурунда ар кандай ньюанстар менен коштолгон учурлар абдан көп. Мисалы, АКШнын үчүнчү президенти Томас Джеферсон ант берүүгө өзүнүн үйүнөн АКШынын конгрессинин имаратына чейин жөө келген.

Дүйнөлүк тарыхта инаугурация учурунда эң узак сүйлөгөн президент Уильям Гаррисон болгон. 1841-жылы шайланып, эки саатка чейин сүйлөп, 8,5 миң сөз айткан дешет.

Ал сүйлөп жатканда аба-ырайы суук болуп, минус температурада турса дагы баш кийим, кол кап жана пальтосу жок сүйлөп, жыйынтыгында катуу суукка урунуп калган дагы пневмония оорусуна чалдыгып, бир айдан кийин кайтыш болгон.

 Ал өзүнүн ант берүү учурунда кийинки шайлоого катышпайм деген. Айткандай эле ага жетпей тез эле кайтыш болгон жана ал Американын тарыхында эң кыска убакытка  президент болгон адам.

Ал эми эң көп кол алышкан америкалык президент Авраам Линкольн болгон 1865-жылы инаугурацияда 6 миң киши менен кол алышып, залга башы айланып араң кирген.

Ал эми эң оңтойсуз жагдай дагы Авраам Линкольн экинчи жолу ант берип жатканда болгон. Мыйзам боюнча Линкольн менен вице-президенттик такка келген Эндрю Джонсондун инаугурацияга өтө мас абалында катышып, өзүн плебей (тексиз, селсаяк) деп айтканы болгон. Буга бүтүндөй америкалык элита уялган дешет.

Ал эми Европа өлкөлөрүндөгү инаугурация негизинен француздук ыкма менен өтөт. Американыкындай ашыкча ызы-чуулары жок. Мисалы, Францияда Президентке президенттик төш белгини тапшырат жана президент кыскача сүйлөйт. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Францияда президент ант бербейт.

Кыргызстанда алгачкы инаугурация 1990-ж. А. Акаев Президент болуп шайлангандан кийин өткөзүлгөн.  Кыргыз Республикасынын Президенти Жогорку Кеңештин депутаттары,

КРдин Конституциялык, КРдин Жогорку сотторунун судьялары, Өкмөт мүчөлөрү, КРдин Президентинин администрациясы жана КРдин Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, облустук, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, борбордук, мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын жана коомдук уюмдардын, коомдук палатанын жана КР калкынын ассамблея жетекчилери, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элдик партия өкүлдөрүнүн, ошондой эле жалпы элдин алдында оң колун КРдин Конституциясына коюп, Кыргызстандын элине ак ниеттен кызмат кылууга салтанаттуу түрдө ант берген соң, мамлекет башчысына КР Президентинин күбөлүгү жана моюнга илме чынжырлуу лента белгиси тапшырылат.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

3 × бир =