Депутат К. Иманалиев:”Кыргызстандын алтыны – “Кумтөр” эмес, эмгек мигранттары!”

0

Каганат.

Орус жергесинде мигрант катары иштеп жүргөн жарандарыбыздын пенсияга чыгуу курагына келип калгандары бир топ тоскоолдуктарга учурап жатышыптыр. Мисалы, пенсия алуу үчүн топтоло турган маалымкаттарды сурап мамлекеттик органдарга кайрылышса, ыкчам жооп ала алышпай, 3-6 айлап, ал тургай бир жылга чейин күткөн учурлар бар. Жөлөкпул алууга керектүү кагаздарды топтоодо деле ушундай эле көрүнүш,- дешет алыста жүргөн мекендештер ЖК депутаттары менен болгон жолугушууда. Бул тууралуу маалыматтар менен тааныштырып, депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 9-ноябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди. 

Ошондой эле мигранттардын бул жакта калган балдары өз ата-энелери жанында жок, – деген шылтоо менен убагында паспорт алуу ишинде да тоскоолдуктарга кабылышат экен. Ал гана эмес, Россиядагы мекендештердин балдары орус жергесиндеги талап боюнча мектептерди бирдиктүү мамлекеттик экзамен тапшырып аякташат. Бирок, анын жыйынтыгы Кыргызстандагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы катары таанылбагандыктан, жогорку окуу жайларына тапшырууда да чаташуулар орун алып жатыптыр. Ушул жагы жолго коюлса деген өтүнүчтөр айтылды. Бул маселени чечүү жагын биз өкмөткө тапшырма катары табыштайбыз,- дейт К.Иманалиев.

Кыргыз-орус фонду тууралуу орус жергесиндеги мигранттарыбыздын кабары жок экен. Анын кызматынан жергиликтүү атуулдарыбыз гана эмес, сыртта жүргөн мигранттарыбыз дагы пайдаланышы керек,- деп кошумчалады депутат.

“Кумтөрдөн” алдык деген 7 млдр. долларлык кирешелердин артында канчалаган талашып-тартышуулар бар. Ал эми эмгек мигранттарынын жылыга которуп жаткан 3 млрд. доллары 20 жылда эле 60 млрд. долларды түзүп жатпайбы?! Демек, Кыргызстандын алтыны – “Кумтөр” эмес, эмгек мигранттары,- деди К.Иманалиев. 

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 6 =