Өкмөт мөңгүлөр боюнча депутаттарга жомок айтканбы?

0

Каганат.

Депутат Мирлан Бакиров бүгүн, 9-ноябрда ЖКнын жыйынында өкмөт мөңгүлөр тууралуу жомок айтып жатканын билдирди.

Айтымында, өкмөт башында Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, анда баардык мөңгүлөр боюнча маселе каралган, андан соң Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө гана токтолушкан.

«Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бул мөңгүлөрдүн үчтөн бир бөлүгү жок экенин айтты. Башка аткаминерлер болсо мөңгүнү башка жакка көчүрсө аларды сактап калуу мүмкүн экенин билдиришти. Эмне бизге жомок айтып жатышабы? Жерине барып мөңгүлөрдүн абалы менен таанышуу зарыл. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”,-деди Мирлан Бакиров.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

9 − алты =