Кыргызстандын мамлекеттик карызы рекордун жаңырттууда, өлкөнү ойлогон жан барбы?

0

Каганат.
Каржы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын мамлекеттик карызы рекордун жаңыртты.

2017-жылдын 30-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик) карызынын өлчөмү 4 млрд 366,55 млн АКШ долларын (299 млрд 800,58 млн сомду) түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Андагы маалыматка танясак мамлекеттик тышкы карыз – 3 млрд 968,14 млн АКШ доллары (272 млрд 446,54 млн сом) ал эми мамлекеттик ички карыз – 398,41 млн АКШ доллары (27 млрд 354,04 млн сом) түзөт.

Өз кезегинде, бул бересенин 59 пайызын жеңилдетилген насыялар түзөт. Кыргызстан эң көп насыя алган өлкө бул –Кытай. Кытайдын экспорт-импорттук банкына биздин өлкө 1 млрд. 630 млн. доллар карыз.  Аталган банкка бир жыл ичинде, болгон карыз 196,5 млн. долларга өскөн. Ал эми Азия өнүктүрүү банкына болгон карыз 22,6 млн.сомго жогорулаган.

Каржы министрлигинин маалыматты боюнча бир жыл ичинде Кыргызстандын сырткы карызы 205,4 млн. долларга өскөн.

Бул ички дүң өндүрүмгө карата карыз 58 пайызга чамалап калгандыгынын билдирет. Ал эми дүйнөлүк практикада тышкы карыздын 60 пайыздан ашып кеткени өлкөдө көйгөйлөр күчөп, мамлекеттин туруктуулугу алсыздап жатканын түшүндүрөт дешет экономисттер.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

19 − он =