Мурад Омоев Премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

0

Каганат.

Омоев Мурад Асылбекович Премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Тишешелүү буйрукка Сапар Исаков кол койду.

Мурад Омоев 1979-жылдын 20-июнунда Токмок шаарында туулган.

-1999-жылы АКШнын Айова штатындагы Graceland College экономика жана ишкер башкаруу багытында бакалавр даражасын алган.

-2001-2002-жылдары Кыргызстандын ЖОЖдорунда финансы-экономикалык предметтерди окутуу сапатын жогорулатууга багытталган АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги долбоорунун ар-кыл кызматтарында иштеген.

-2003-2004-жылдары Кыргызстандагы долбоор кеңсесинин директору катарында эки магистердик программаны уюштурган, анда ЖОЖдордун 120 ашуун окутуучусу билимин жогорулаткан.

-2004-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Колумбия Университетинин магистратурасында окуусун уланткан.

-Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесиндеги алты айлык стажировкадан соң Вашингтон шаарындагы Эл Аралык Валюталык фондунун Иликтөөлөр департаментинде кичи илимий кызматкер катары ишин баштаган.

-2012-жылдан тарта ЭВФ Европа Департаментинде экономист болуп иштеген.

-ЭВФ иштеген учурунда фискалдык жана монетардык сасясат, өнүгүп келе жаткан рыноктордун тышкы факторлордон көзкарандылыгын жана бир катар Чыгыш Европа мамлекеттеринин эмгек рынокторундагы түзүмдүк көйгөйлөрүн талдоо үчүн жоопкер болгон.

-Экономикалык өнүгүүгө фискалдык саясаттын таасири жаатындагы новатордук иликтөөсү үчүн ЭВФ командалык сыйлыгынын лауреаты болуп саналат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 + 16 =