Шыкмаматовдун сотунда күбөлөр суралууда

0

Каганат.

Бүгүн, 9-ноябрда Биринчи май райондук сотунда Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Анын жүрушүндө эксперт Лариса Зайцева суралды. Айтымында, «Мерседес-Бенц Е 320» унаасы 14,5 миң доллар деп бааланган.

“Унааны чыгарылган жылына, түсүнө жана маркасына карап баалаганбыз”,-деди ал.

Андан соң Соода өнөр-жай палатасынын эксперти Эмилбек Асаналиев суралды.

“Биз «Автогидге» кат жолдогонбуз. Алар орточо баа 14,5 миң доллар деп эсептеп беришкен. Унаа базарынан маалымат алган эмеспиз”,-деди ал.

Эске салсак, депутат менен бирге эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, “Барат Люкс” ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Дал ушул “Барат Люкс” фирмасынын атынан Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн келинчеги Жанара Турдакуновага тиешелүү Мерседес Бенц Элеганс автоунаасын 14 миң долларга баалап мамлекетке саткан деген кине коюлууда.

Ал учурда бул унаанын базар баасы 10 миң доллар гана болгонун белгилешкен укук коргоо органдары.

Шыкмаматовго карата Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши  козголгон.

Шыкмаматов болсо күнөөсү жок экенин айтып келет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 4 =