Текебаевдин сотуна байланыштуу документтердин уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду

Каганат.

Жактоочу Канат Хасановдун үйүнөн Өмүрбек Текебаевдин сот ишине тийиштүү документтердин уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда уурулардын өздүгү такталууда.

Эскерте кетсек, 7-ноябрга караган түнү жактоочу Канат Хасановдун үйүнө белгисиз адамдар киришкен. Хасанов алар Текебаевдин сот ишине тиешелүү документтерди алып кетишкенин айткан болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт + эки =