Жаңы салынган жолдордун кепилдик мөөнөтү 5 жылга узартылат

0

Каганат.

Жогорку Кеӊеште унаа жолдорун курууда жол куруучулардын жоопкерчилигин күчөтүү, жолдордун сапатын жогорулатуу жана жолдорду өз учурунда тейлөө боюнча кепилдиктерди камсыз кылуу максатында даярдалган “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин бири Марат Аманкулов жолго болгон 2-3 жылдык кепилдик мөөнөтү өтө кыска экенин эске салып, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу ал 5 жылга чейин узартыла турганын белгиледи. “Эл аралык тажырыйбада дагы ушундай. Россия, Кытай, Финляндия сындуу кепилдик мөөнөтүн 25-30 жылга чейин койгон өлкөлөр бар. Жол куруучу компания жолдун сапатына жакшы көӊүл буруп, ал ушул мөөнөт аралыгында бузула баштаса, өзүнүн эсебинен оӊдоого тийиш”, – дейт ал.

Ал эми Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жолдун кепилдик мөөнөтүн узартууга каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү да эске алынууга тийиш, эгерде кепилдик мөөнөтү узартылса, жолдун курулушу 10 пайызга чейин кымбаттап, инвесторлордун саны азайып кетиши мүмкүн.

Депутат Мирлан Жеенчороев Транспорт жана жол министрлиги узак жылдардан бери жедеп коррупцияга батып калганын, ошондон улам анын жетекчилери жолдун кепилдик мөөнөтүн узартпоого кызыкдар экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жол тармагы Кыргыз Республикасындагы жүк ташуулардын 96 пайызын жана жүргүнчүлөрдү ташуулардын 98 пайызын камсыз кылат. Кыргызстандагы жол тармагынын жалпы узундугу 34000 км. жакынды түзөт.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он үч + он алты =